"Ошэлектронун" иши боюнча Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалды

“Ошэлектрдин” жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаргандыгы боюнча Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары А.И. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

"Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 миллион 404 миң 877 сомдук зыян келтирген факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары А.И. кармалды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында “Ошэлектр” ААК мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан