Баткенде көп кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыкты

Баткенде көп кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, батир ээлери жок болгондуктан, куткаруучулар өрт кесепетин жоюу иштерин көп кабаттуу үйдүн сыртынан жүргүзүүгө аргасыз болушкан.
Такталган маалымат боюнча, өрт батирдин балконунда орнотулган электр мешин пайдалануудагы кыска чыңалуудан чыккан.
Өрттүн кесепетинен 1 даана палас жана шкаф күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 5 чарчы метрге жетип, саат 14:16да өрт чектөөгө алынып, куткаруучулардын аракети менен саат 14:20да толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыр тарткандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан