Ош ШИИБи "Түнкү көпөлөк" деген аталыштагы профилактикалык рейд өткөрдү. Анда 13 кыз кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери “Түнкү көпөлөк” деген аталыштагы профилактикалык рейд өткөрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын максаты Ош шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген кыз-келиндерди табуу жана аларга карата профилактикалык иш-чараларды өткөрүү болуп саналат. Милиция кызматкерлери алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, денесин сатуу үчүн туруусу мүмкүн болгон жол бойлорун текшерүүгө алышты. Анын ичинде Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектешкен аймагы дагы бар. Рейддин жүрүшүндө сойкулук жасоого шектүү 13 кыз кармалып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө алып келинди. Кармалган кыздардын көпчүлүгү Ош шаарына башка региондордон келгендиги аныкталды. Арасында өзбекстандык эки кыз дагы бар.

Алып келинген кыз-келиндерден түшүнүк алган учурда, алардын көпчүлүгү сойкулук менен алектенип жан багарын жашырышкан жок. Бармактарынын издери дагы алынып, каттоого коюлду. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ушул профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде Аяна аттуу жаран өзүнүн айланасына жеңил ойлуу кыз-келиндерди топтоп алып, сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайын уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Маалымат Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган маалыматты дарек боюнча текшерүү учурунда, сойкулук жасоо үчүн 2003-жылы туулган К.А. аттуу аял жашыруун батир уюштургандыгы аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул кыз Бишкек шаарынан келип, 2022-жылдын январь айынын ортолорунан тартып, батир ижарага алып, сойкулук жасоого жашыруун жай уюштурган. Жеӊил ойлуу кыздарды башка аймактардан чакырып, иштете баштаган.

Шектүү К.А.нын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта профилактикалык иштер күчөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан