Ошто көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкты

Ошто көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта саат 22:42та Ош шаарында 4 кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүн түтүн каптап жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынан ыкчам нөөмөт тартылып, газ-түтүндөн коргоо кызматынын жардамы менен түтүндө калып калган 1967-жылы туулган А.А. аттуу жаран куткарылган.
Өрт 23:00дө чектөөгө алынып, 23:05те толугу менен өчүрүлдү. Такталган маалыматка ылайык, өрттүн чыгуусуна жер төлөдө калган таштанды жана эски буюмдардын күйгөндүгү себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан