"УКМКда иштейм" деп 200 миң сом алганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан кылмыш ишинин материалдарынын негизинде жакын тууганына карата Талас облусунун соту жана прокуратурасы тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп берем деп Т.Г. аттуу жарандан 300 миң сом талап кылган.
4-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алдамчылык) менен Т.Г. аттуу жарандын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылган акча каражатынын 200 миң сомун алып жаткан учурунда Ж.Т. аттуу жаран кармалды.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.