Баткенде 2 бөлмөлүү турак үйдүн чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-мартта саат 15:21де Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылында Т.К.га таандык 2 бөлмөлүү турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 15:27де айтылган дарекке жетишкен. Куткаруучулардын ыкчам аракети астында 50 чарчы метрге жеткен өрттүн аянты чектөөгө алынып, 16:15де толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 50 даана шифер, 22 даана айырмач, 120 метр рейка чыгым болгон.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.