Украина Орусия менен сүйлөшүүгө катышкан адамын атып салгандыгы айтылды

Украинанын Коопсуздук кызматы камакка алуу учурунда украиналык сүйлөшүү тобунун мүчөсү Денис Киреевди атып өлтүргөн. Ал мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелип жатканын “Украинская правда” жана башка бир катар украиналык басылмалар күч органдары жана саясатчыларга шилтеме берүү менен жазышты.

Саясий чөйрөлөрдөгү булактарга таянуу менен "Украинская правда" басылмасы Киреевдин мамлекетке чыккынчылык кылганы тууралуу так маалыматтар, анын ичинде телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазуулары бар экенин жазды. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ал Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасына катышкан.

Өз кезегинде Украинанын Коргоо министрлиги Денис Киреев өзүнүн милдетин аткарып жатып каза болгондугун гана айтты.

45 жаштагы Киреев украиналык ири банктарда иштеген. Ал Орусиянын делегациясы менен Украинадагы кырдаалды сүйлөшүүдө кандай роль ойногону белгисиз. Айрым социалдык тармактарга тараган сүрөттөрдө ал делегацияга ишкер катары кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан