Бишкекте суу каптоо кесепети жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Биринчи Май районунун Кулиев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга суу батпай жолго ашып, агып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен сууну сордуруп, суу каптоо кесепетин толук жоюшту.