
Чүйдө өрттөн бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-март күнү Сокулук районунун Западное айылы, Октябрь көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине бир өрт өчүрүүчү кызматы тартылган.
Өрт кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.