Бишкектин көчөлөрүндө Калашников автоматын көтөрүп жүргөн жаран кармалды

Бишкектин көчөлөрүндө Калашников үлгүсүндөгү автомат көтөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"4-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Лев Толстой көчөсүндө эркек киши Калашников автоматын көтөрүп жүрөт деген маалымат түшкөн. Жерине барган кызматкерлер аталган адамды текшерүүгө алганда ал оюнчук автоматты көтөрүп жүргөнү аныкталган.

Ал бул автоматты таштанды челектен таап алып, небересине алып баруу үчүн алган. Көп өтпөй ал РИИБге алып келинип түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилген.

Учурда бул факты РИИБде каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан