Ош облусунун Кара-Суу районунда 12 жашар баланы сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 5-март күнү саат 08:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында 12 жаштагы бала жолдун четинде велосипед тээп бара жаткан учурда белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.
Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу денесинен жаракат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочуну кармоо максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, анын натыйжасында 6-март күнү Кара-Суу районунун 1989-жылы туулган З.Ш. аттуу тургуну кармалган. Ал баланы Hyundai Porter унаасы менен сүзгөн.
Учурда айдоочу Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө.