Тогуз коргоол боюнча Азиянын экинчи Ачык биринчилигинде кыргызстандыктар 18 медаль менен кайтышты

23-ноябрда жыйынтыкталган Азиянын экинчи Ачык биринчилигинде кыргызстандыктар 18 медаль утуп кайтышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 категория боюнча өткөн. Анда кыргызстандыктар 3 алтын, 5 күмүш, 10 коло медаль утушту.

Алтынды Жамакеев Анарбек, Сагынбекова Жаңыл жана Болоткан кызы Айзада алып келишти. Ал эми күмүштү Жамакеев Анарбек, Керимбекова Аида, Турдаалы кызы Аида, Исмаилов Кубаныч жана Сагыналиев Рамиль утушту.

Коло медаль тагынгандар Бактыбек уулу Саламат, Райымбекова Лязат, Исмаилов Муратали, Кендирбаева Чолпон, Нурбек уулу Темирлан (классикалык жана рапид түрлөрүнөн 2 медаль), Адил кызы Айгерим, Асан кызы Айгерим, Марсбеков Акжол жана Адил кызы Жасминдер болушту.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BORN.kg
2013-11-25 12:27:00
Азаматтар!!!
0
Shai
2013-11-25 14:25:53
Азаматтар ийгилик силерге. Бирок канча медаль коюлган экен баары болуп билгендер барбы.
0
Aviator
2013-11-25 15:40:02
Азаматсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан