Караколдо автомектептин жанынан “экзаменден өткөртүп берем” деп курсанттардын акчасын алдап алып из жашырган деп айыпталып 32 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы С.Ж. аттуу Каракол шаарынын тургуну автомектептин беш курсантына квалификациялык экзамендерди тапшырууга жана айдоочулук күбөлүк алууга жардам берем деп алдап кеткен. Ал курсанттардын ар биринен 5 миң сомдон алып из жашырган. Жабыр тарткан жарандар жардам сурап милицияга арыз менен кайрылышкан.
Учурда шектүү кармалып, толугу менен күнөөсүн моюнуна алган. Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогу такталып жатат.
Кармалган жарандан алдамчылык аракеттеринен жапа чеккендер болсо, 0700 498 494 же 102 телефондору аркылуу Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирсе болот.