Балыкчыда ураган имараттан баштыкка салынган наристенин жансыз денеси табылды

Балыкчыда ураган имараттан баштыкка салынган наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн наристенин жансыз денеси кечээ, 6-мартта Балыкчы шаарындагы ураган эски имараттан табылган. Аны желим баштыкка ороп, урандынын арасына ыргытып кетишкен.

“Учурда бул окуя боюнча иш козголду. Ыкчам-териштирүү иштери жүрүп, баланын апасы изделүүдө”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан