Бишкекте таң эрте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жөө адам алган жаракаттарынан улам жеринде каза болду.
Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 8-мартта саат 06:00 чамасында катталды.
"Бишкек шаарынын 21 жаштагы А.М. аттуу тургуну Киа-Морнинг унаасы менен Анкара көчөсүнөн чыгыш тарапка бара жатып жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сүзгөн. Болжол менен 40-45 жаштагы жаран алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды, тергөө иштери жүрүүдө", - дешти башкы башкармалыктан.