Кара-Кулжада жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-мартта саат 4:00дөр чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа айылында жеңил унаа өрттөнүп кеткен. Ал жерге өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 04:20да чектөөгө алынып саат 04:33тө толук өчүрүлгөн.