Чүйдө тургундун үйүнөн ири суммадагы акча, зер буюмдар уурдалды. Шектүү кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматика ылайык, милицияга 1985-жылы туулган Б.А. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда 2-февраль күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар үйүнүн терезесин сындырып кирип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1992-жылы туулган А.С. аттуу адам кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан