Чүй облусундагы Панфилов райондук электр тармагынын ага инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 7-мартта Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭТинин ага инспектору К.Ж.К. кармалган.
Буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов РЭТинин кызматкерлери «Түндүк электр» ААКсынын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери Н.К. аттуу жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.
Бул факты Жазык кодексинин "Опузалап пара алуу" фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.