Өзгөн шаарынын мэри жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер тилкелери текшерилип, мыйзам бузуу фактысы катталды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Өзгөн шаарынын мэри 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, 22 жаранга жер бөлүп берген.

"Өзгөндүн мэри шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 чарчы метр жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталды.

Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан мэрге 337-берене (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилди. Учурда кылмыш иш сотто каралууда.

Ал эми райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан