Нарын дарыясына агып кеткен сегиз жашар баланы издөө иштери уланууда

Нарын дарыясына агып кеткен сегиз жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-мартта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында 8 жашар Т.Т. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен.

Аны издөөгө кечээ, 9-мартта 27 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 30 жергиликтүү тургун тартылган.

Кечээ, жалпы 97 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 10-март издөө иштери улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан