Кочкордо эки жеңил унаа сүзүшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 9-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында болгон. Анда Toyota Ipsum жана Volkswagen Golf үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынан 85 жаштагы карыя жана 15 жаштагы өспүрүм жабыркаган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарды чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.