Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кубанычбек Маликов атындагы мектептин 17 жаштагы окуучусу асынып алганы боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиевге байланыштык.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары маркум асынардан мурун мугалим урушканын жазып жатышкан.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.
“Асынып алган бала ошол күнү мектепте башка бала менен мушташкан. Экинчи бала соцпедагогго даттанган. Мугалим эки баланын ата-энесине чалып байланыша алган эмес. Ал мугалим тарбия иштерин алып баруусу керек, андыктан урушуп койгон”, - дейт Иманалиев.
Анын айтуусунда маркум үйүндө балдардын улуусу болгон. Учурда атасы менен жашап жаткан.
“Албетте, мындай окуя орун алганы кейиштүү көрүнүш. Ишти милиция тергеп жатат, жыйынтыгы кандай болору азырынча белгисиз. Мектептерде тарбиялык иштер тынымсыз жүргүзүлүп келет. Ошондой эле суицидге каршы да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бирок бала үчүн ата-эненин тарбиясынын орду чоң”, - дейт Иманалиев.