4 миллион сомго жакын зыян келтиришкен. Кербен мэриясынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелди

Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке жалпы 3 миллион 892 миң 621 сом зыян келтирген. Мындай факты Аксы райондук прокуратурасы тарабынан аныкталган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, 2015-жылдан баштап 2022-жылга чейин Кербен шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн негизги белгиленген айлык маянага кошумча үстөк эмгек акысы мыйзамсыз бекитилип берилген. Анын кесепетинен мамлекетке жалпысынан 3 миллион 892 миң 621 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын айтышат прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан