Бишкекте 25тен ашуун батирди тоногон жигиттердин тобу колго түшүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында белгисиз адамдар Бишкектеги Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирин тоноп кетишкен. Үйдөн 230 миң сомдук алтын буюмдар жана 178 миң сомдук кымбат баалуу кол саат уурдалган. Анын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБи КРнын Кылмыш кодексинин 164-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган башкармалыктын оперкызматкерлеринин аракеттеринин аркасында тоноого шектелип, мурда соттолгон 19 жаштагы Ж.Култаев кармалат. Ж.Култаевдин артынан 1-декабрда 19 жаштагы А.Касымов, 3-декабрда 18 жаштагы Т.Оторбаев жана Болот уулу М. Колго түшүрүлдү. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү А.Касымовдун үйүнөн жогорудагы тонолгон үйдөн жоголгон далил буюмдар (алтын жана күмүш чынжырлар, шакектер, сөйкөлөр, сан арип фотоаппараты, алтын кол саат, ноутбук жана башкалар) табылды. Учурда аталган топтун башка да кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталууда. Кармалган жигиттер Бишкек шаарында 25тен ашуун батирлерди тоногондуктарын айтып көрсөтмө беришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан