Ири өлчөмдө сатууну көздөшкөн. Бишкекте баңги затын мыйзамсыз сактап жүргөндөр 1 айга камалды

Бишкекте баңги затын сактап, ири өлчөмдө сатууга аракет кылган деген шек менен 2 жаран кармалды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалгандар 1 айга камакка алынды.

Белгилүү болгондой, 24-февралда милиция кызматкерлерине Ленин районунун аймагында эки жаран баңгизатын ири өлчөмдө сактап жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 282-берененин 1-бөлүгү менен аңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каттоого алынган.

"Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1976-жылы туулган С.С. жана 1992-жылы туулган А.А. кармалган. Алардын жанынан 309 грамм 43 миллиграмм салмактагы марихуана алынды. Кармалган жарандар Ленин райондук соту тарабынан СИЗО-1ге 1 айлык мөөнөткө камалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан