Президенттин өкүлү: "Ош облусу билим деңгээли боюнча акыркы орунда жүрөбүз. Бул эмне деген көрсөткүч?"

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен жолугушту. Анда Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык, билим деңгээлинин сапатын жогорулатуу боюнча сүйлөшүү болду дешти өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.
Ош облусунун башчысы буга чейин билим деңгээлин көтөрүү боюнча тапшырмалар коюлганын, жыйынтыгы окуу жылынын аягында билине турганын белгиледи.
"Кыргыз өлкөсү боюнча республикалык маанидеги 2 шаар жана 7 облус болсо, билим деңгээли боюнча Ош облусу акыркы орунда жүрөбүз. Бул эмне деген көрсөткүч? Окуу жылы башталган мезгилде тапшырма бергем. Ар бир мектеп директоруна айтканбыз. Мактана турган жылыш жок. Кайрадан 9-орунда кала турган болсок, билим берүү башчылары ошол жерди ээлеп турганга моралдык укугуңуздар жок болот. Мен кет деп айтпайм, өзүңүздөр арыз жазып кетишиңиздер керек", - деди Зиядин Жамалдинов.
Ошондой эле Зиядин Жамалдинов окуу жылдын аягына чейин билим сапатын жогорулатуу зарыл экенин кошумчалады.
"Ата-эне жана окуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Окуу жылдын аягында мектеп директорлорунун орду, сабак өтүп жаткан мугалимдердин деңгээли каралат. Мектептин жасалгасы, оңдоп-түзөө боюнча семинарлардын кереги жок. Бизге билимдин сапаты маанилүү", - деди облус башчысы.
Мындан сырткары ар бир райондо бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо, быйылкы жылы “Алтын сертификат” жана “Алтын тамга” алган окуучуларды чыгаруу боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан