Бүгүн, 10-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда ырчы Динара Тилекееванын жеке концерти өтүп жатат.
Кечеде Жогорку Кеңештин депутаттары сөз сүйлөп, Динара Тилекеевага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Мындан сырткары ырчы сахна жылдызы медалы менен сыйланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов сыйлык тапшырып жатып, Динара Тилекеева менен биргеликте "Сагынам" аттуу ырды келген конокторго аткарып беришти.