"Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бажы кызматынан кабарлашкандай, жүк ташуучулар тарабынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
"Кытайдан "ЭМА" ишканасынын дарегине транзит менен товар келген. Жүк 2021-жылдын 10-декабрында "Манас Менеджмент Компани" компаниясынын убактылуу сактоо кампасынын аймагына 2022-жылдын 9-февралына чейин сактоо үчүн жайгаштырылган.
Бирок мөөнөтү аяктагандан кийин товарды жол-жоболоштуруу боюнча эч кандай операциялар жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 10 миллион сомдон ашкан. Бул факты каттоого алынып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.