Жалал-Абадда 4 жерге кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусунда 4 жерге кар көчкү түшүп, тазалоо иштеринен кийин унаа жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-мартта түштө Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-75-чакырым аралыгындагы, Чоң-Сай тилкесинде 4 жерден көчкү түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 395 миң 200 метр кубду түзгөн.

Ал жерге ӨКМнын ыкчам тобу тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында жол 10-март күнү саат 23:00дө бир тараптуу ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан