Сокулукта акча каражаттарын жана төлөм терминалдарын уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айында Сокулук РИИБине эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген. Анда биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар терминал уурдалган. Ал эми экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалган.
Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталган. Аталган кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.