Нарын дарыясына агып кеткен сегиз жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 8-мартта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жашар Т.Т. аттуу баланы издөө иштери бүгүн дагы уланат.
Аны издөөгө кечээ, 10-мартта 28 куткаруучу, 16 милиция кызматкери, 30 жергиликтүү тургун тартылган.
Кечээ издөө иштери 19:05ке чейин уланып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.