Соңку сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, каза болгон жаран Бишкекте катталды. Ал вакцина алган эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2971 кишини түздү.