5 жылда жолдорду оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттардын суммасы 10 миллиард 139 миллион сомдон 16 миллиард 543 миллион сомго чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылга каржылоонун жалпы суммасы 10 миллиард 139 миллион сомду түзсө, аткарылган иштердин көлөмү 558 километр (анын ичинен 374 чакырым асфальт-бетон төшөлгөн) түздү. Кийинки жылы бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 миллиард 752 миллион сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 754 чакырымды түздү (анын ичинен 425 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).
2020-жылы коронавирустук инфекция пандемиясынан улам аткарылган жумуштун жалпы көлөмү болгону 314,4 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард 133 миллион сом сарпталган. 2021-жылы жолдорду курууга 12 миллиард 273 миллион сом каралып, 280 чакырым жол курулуп, оңдолгон (анын ичинен 186 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн). Ушул жылга 661,5 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 миллиард 543 миллион сом бөлүү пландалууда.