Бишкектеги Октябрь РИИБинин башчысы болуп Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.
Азамат Токтоналиев буга чейин Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген.