2021-жылдын 29-октябрында "Коломто" баш калкалоочу жайынан "Тез жардам" бригадасы Бишкек шаарындагы №4 шаардык клиникалык ооруканага болжол менен 40-45 жаштардагы азиат улутундагы аялды жеткирип, ал эсине келбей каза болгон.
Бул фактыны Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү реестрге каттаган.
Белгилери: бою 160-165 см, арык денелүү, мурду түз, бети сүйрү, чачы кыска кара, кашы түз, мезгилге жараша кийинген. Ошондой эле бул аялды Ош облусунун тургуну Кулукова Гүлмира деп атап жүргөнү белгилүү болгон.
"Урматтуу жарандар, каза болгон аялдын атын аныктоого көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз", - деп билдирди Ленин РИИБи.
Сүрөттөгү аял тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 жана 102.