Кочкордо суракка алынган мугалим өз жанын кыйды

Кочкордо мугалим өз жанын кыйды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-март күнү милицияга Кочкор районунун Ак-Чий айылын 59 жаштагы К.К. аттуу тургуну, 54 жаштагы Ч.Г. аттуу аялы короосундагы кампага кирип асынып алганын айтып кайрылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркум 1968-жылы төрөлгөн Ч.Г. аттуу аялдын денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонгон белгилер байкалган эмес. Милиция учурда бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Өздүк булактардын билдиришинче маркум асынып алардан мурун прокуратурада суракка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан