Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө мыйзамсыз сөөк көмүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"10-март күнү саат 11:30дар чамасында Чоң-Арыктагы көрүстөндө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө маркумдун сөөгүн көмүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен. Алар баргандан кийин Н.В. аттуу жаран 1940-жылы туулган атасынын сөөгүн жерге бергендиги аныкталган", - деп билдиришти Ленин РИИБден.
Мындан тышкары, ошол эле күнү Д.У. аттуу жаран былтыртан бери бул көрүстөн сөөк коюу үчүн расмий жабылганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.