Модель Бегимай Карыбекова америкалык компания менен келишим түздү

Белгилүү модель Бегимай Карыбекова америкалык агенттик менен кызматташа баштады. Ал карьерасындагы маанилүү этап жөнүндө социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

ен убактылуу жаңы шаарга көчтүм (ошондуктан социалдык тармактарда активдүүлүк азайды). Көпкө чейин унчукпай жүргөн карьерамдагы бир маанилүү этап тууралуу айтууга даярмын. Азыр мен дүйнөнүн борборундамын жана Нью-Йорктогу алдынкы "Major Model" агенттиги менен келишим түздүм.

Бул абдан чоң жетишкендик. Азыр менде Европадагы бренддердин өкүлдөрү менен гана эмес, АКШда иштөө мүмкүнчүлүгү да бар. Бул жерде моделдик чөйрө такыр башкача жана өзүнүн нюанстарына ээ, бирок бул жөнүндө башка посттордо айтам", - деп айтылат билдирүүдө.

Бегимай Карыбекова "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу, италиялык "Emporio Armani" компаниясынын модели.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан