Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды сот күнөөлүү деп таап эркинен ажыратты. Бул туурасында жакындары SUPER.KG порталына тастыкташты.
Маалым болгондой, март айынын башында Сокулук райондук соту 1990-жылы туулган К.Н`ны күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты.
Эске салсак, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.
7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Кийинчерээк шектүүнүн үй-бүлөсү Бишкек шаарына көчкөн.