Чүй облусунун Сокулук районунда уурулук жана тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 1989-жылы туулган Г.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жүк ташуучу унаасынын эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча катталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, аккумулятор уурдоого шектелип 2006-жылы туулган У.А. жана К.А., 2004-жылы туулган Т.А. кармалып, тергөө кызматына өктөрүп берилди", - дешет башкармалыктан.
Андан тышкары 1997-жылы туулган З.Э. милицияга арыз менен кайрылып, анын телефонун чала тааныш жаран күч колдонуп тартып алганан билдирген. Бул кылмышка шектелип Сокулук районунда милиция кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган Д.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Буга чейин Сокулук РИИБине сарайындагы темир шаймандарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкендиги тууралуу А.А. аттуу жарандын арызы катталган. Келтирилген чыгым 100 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2005-жылы туулган А.Р, 2004-жылы туулган А.Б. жана О.Р. аттуу жарандар кармалышкан.
Жогорудагы фактылардын негизинде тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.