Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү бийчи Жан Воинов менен жолукту. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бийчи маданияттын мыкты кызматкери болду.
Жолугушууда Азамат Жаманкулов Маданият министрлиги тарабынан бий өнөрүнө байланышкан иш-чараларды ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Жан Воиновдун бий өнөрүнө кошкон салымы жана чыгармачылык жактан калыптануусуна көз салып жаткандыгын айтып, бий искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.
"Жан Воинов мындай колдоо ага дем-күч бере турганын баса белгилеп, июнь айында Бишкек шаарында бий өнөрү боюнча эл аралык деңгээлде иш-чара өтө тургандыгын маалымдап, аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча баарлашты", - деп айтылат билдирүүдө.
Жан Воинов Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматованын уулу.