Бишкекте үй жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайда каза болгон адамдын жакындары изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарынын Фере көчөсүндөгү үй жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайдан 40-45 жаштардагы кишинин жансыз денеси табылган.
Бою 165-170 сантиметр, кара шым, кара куртка кийип жүргөн. Чачын ак баскан, кыска алынган.
Бул адамдын аты-жөнүн тактоого милиция коомчулуктан жардам сурайт.
Эгер сүрөттөгү адам тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюусун укук коргоо органдары өтүнөт. Байланыш телефону: 0 557 11-94-10; 0702 49-88-88; 0702 37-37-70; 0 776 17-15-15.