Аламүдүндө тургундун унаасын алдап алган деген айып менен бир нече жолу соттолгон адам кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралда милицияга 42 жаштагы А.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда таанышы ишенимине кирип 115 миң сомго унаасын алып, алгач 10 миң сомун берип, калган 100 миң сомдон ашык акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Анын алкагында кылмышка шектүү катары, буга чейин бир нече жолу соттолгон 31 жштагы А.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан