Быйыл да суу тартыш болобу? Чүйдө суу тартыштыгын алдын алууга болгон аракеттер

Өткөн жылы өлкөдө, анын ичинде Чүй облусунда сугат суусунун тартыштыгы маселе жараткан. Ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген. Быйыл ирригация тармагын оңдоп-түзөө, тазалоо иштерине өкмөт тарабынан 1 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда Чүй облусунун аймагында массалык түрдө сугат ишине даярдык жүрүп, каналдарды тазалоо, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүп жаткан учуруна суу ресурстары агенттиги менен бирге жеринен таанышып кайттык.

"Быйыл суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 15-20 пайызга жакшы болгону менен, баары бир нормадан аз. Суу тартыштыгын алдын алуу үчүн 300 чакырымы оңдоп-түзөөдөн, чоң-кичине болуп 900 чакырым каналды тазалоодон өтөт. Кайсы жерге канча суу керек, учурда суунун көлөмүн тактап жатабыз. Быйыл Нарын, Ысык-Көл облусуна 3, Чүй облусуна 3 БДР (бассейн декадного регулирования) курулат. «Бул алты долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар аныкталып, жакын арада алардын курулушу башталары күтүлүүдө. Булардын курулушун Кытайдан келген компания ишке ашырат. Учурда бардык документтер даяр, кытай тараптын текшерип, бекитүүсү күтүлүүдө", - дейт суу ресурстар агенттигинин башчысы Алмазбек Сокеев.

Сокулук районундагы «Токбай» каналы 1972-жылы курулган. Каналдын узундугу 6,3 чакырымды түзөт. 2019-жылы бюджеттен 4,4 миллион сом бөлүнүп, бул каналдын 800 метри оңдоп-түзөөдөн өткөн. 2020-жылы 245 метри, 2021-жылы 240 метри оңдолгон. Быйыл 9 миллион сомдук суммадагы каражатка каналдын 435 метри бетондолуп, 1200 метрине ЛР-80 латоктору коюлуп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Москва районунда сугат суулары жеткирилүүдө. Жоготууга учурабаш үчүн арыктар бетондолуп жатат.

Батыш Чоң Чүй каналы 1956-жылы курулган.

Панфилов району тереңдиктен суу чыгаруучу насостор үчүн орнотулган көмөк чордон.

Панфилов районунун суу чарба бөлүмүнүн башчысы Тимур Акматовдун айтымында, бул аймак эң четки аймак болгондуктан Чоң Чүй каналынан суунун жетиши өтө кыйын. Быйыл сугатка тереңдиктен суу чыгаруучу насостор тазаланып, ишке кирген жана аларга көмөкчү чордондор орнотулуп, электр чубалгылары тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан