Бишкек шаарында 4 жаран каракчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында 4 жаран каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Б.К. жана И.Б. аттуу жарандар 8-мартта саат 00:30дар чамасында Бишкек шаарында жайгашкан кафелердин биринен физикалык күч колдонуп, 14 миң сомдук «Редми 8 Про» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана 18 миң сомдук «Самсунг А-22» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алганын айтып арыз жазышкан.

Бул фактылар Бишкек шаарынын Ленин РИИБине катталып, 207-берененин "каракчылык" негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган А.М., К.Э., Д.Д., жана Ю.М. аттуу жарандар кармалган. Кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан