Ысык-Атада 40 жаштагы адам бир нече уурулукка айыпталып кармалды

Ысык-Ата районунда бир нече уурулук фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга бир нече жаран арыз менен кайрылып, унаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдиришкен.
Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Анын алкагында аталган кылмыштарга шектелип, 40 жаштагы С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштеринин алкагында анын мындан башка дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан