Кызыл-Кыяда 60 жаштагы адам көп кабаттуу үйдөн кулап, бутун сындырып алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-мартта Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун жашоочусу 3-кабаттан кулап кеткен. Анда 60 жаштагы адам мас абалында 3-кабаттагы балкондон кулап, 1-кабаттагы подъезддин чатырына түшүп, бутун сындырып алган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып, жаракат алган адамды куткарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.