Чаткалда кар көчкү 3 сарайды мал жандыктары менен кошо басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында 12-мартта саат 11:30дар чамасында 1 миллион метр куб кар көчкү түшүп, 3 сарайды мал жандыктары менен кошо басып калган. Кар көчкүдөн адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17 куткаруучусу, жарандык коргонуу кызматтарынан 17 кызматкер жана 3 техника тартылган.
Такталган маалыматка ылайык, 156 кой, 6 жылкы жана Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа кар көчкү астында калган.
Куткаруучулар кар көчкүнүн алдынан 97 кой, 3 жылкы жана Хонда Одиссей унаасын алып чыгышкан.
Бүгүн, 13-мартта кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда.