Ош облусунун Кара-Суу районунда ок атуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-мартта саат 15:54 чамасында Кара-Суу РИИБине шаардагы Гагарин көчөсүнүн 12-үйүнүн алдында ок атуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуядан улам Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну У.А. жаракат алган. Ага соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 37-беренеси, 122-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал менен ок чыгарууга шектелип Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы А.У. аттуу тургуну кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, А.У. карызын сурап келген адам менен урушуп, өзү алып жүргөн ок атуучу тапанчасы менен ага карата эки жолу ок чыгарган. Учурда тергөө иштери уланууда.