Фотоальбом: Образдары дайыма өзгөчө, ырлары салмактуу, депутаттыкка да талапкер болгон Гүлзада Рыскулованын сүрөттөр топтому

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова 42 жашка толду. Ал туулган күнгө эч нерсе пландабай турганын, кадимкидей эле өткөрөрүн айтат.

Ырчынын туулган күнүнө карата жаштык кезин эске салган сүрөттөрдү топтодук.

Гүлзада Рыскулова 1980-жылы 14-мартта Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык бөлүмүн аяктаган.

Алгач "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен чыгып, калың элге таанылган. Кийин кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнөгө тааныткан "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектенген.

Гүлзада Рыскулова менен жолдошу 4 уулду тарбиялап келишет.

2016-жылы ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылган.

Ырчы 2021-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан.

14-марттын жылнаамасы.

SUPER.KG порталынын Телеграм каналына бул шилтеме аркылуу кире аласыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан